Мындай маалыматты аталган фонддун башчысы Калыбек Акунов бүгүн “Азаттыкка” билдирди. Анын айтымында, Нарын шаарынын мэри Бейшенаалы Боогачиев 26-апрелде “Акипресс” маалымат агенттигине жалган маалыматтарды таркаткан. Шаардын мэри митинг өткөрүү жөнүндө өзүнө эч кандай билдирүү түшпөгөндүгүн маалымат кылган. “Биз болсо митинг эмес жердин бүтүндүгү үчүн жөө жүрүшкө чыгуу тууралуу билдирүүнү жергиликтүү бийликтегилерге алдын ала билдиргенбиз. Ошондуктан жалган маалымат берген Нарын шаарынын мэрин сотко берем”,- дейт Калыбек Акунов. Коомдук парламенттин мүчөсү Урмат Акунов баштаган жөө жүрүшчүлөрдөн беш адамды милиция кызматкерлери 26-апрелде Нарын шаарында күч менен автоунаага салып, кармап кетишкен. Алардын арасында Калыбек Акунов да бар болгон. (KUs)