Бул туурасында коомдук кыймылдын төрагасы Абдыкайым Кангелдиев бүгүн “Азаттыкка” кабарлап, өлкөдөгү бардык таза жана патриот күчтөрдү биригүүгө чакырышып, мындан ары ушундай жоруктарга каршы биргелешип күрөшүүгө үндөгөн билдирүү таратышкандыгын билдирди. “Ак жол” партиясынын Ош облустук лидери Авазбек Шамшиев оппозициянын мыйзамдуу аракеттерин жалпы жолунан колдой тургандыгын, бирок Түптөгү нааразылык акциясына жергиликтүү калктын өкүлдөрү эмес жалаң сырттан баргандар топтолгондуктан кагылышуу ошондон улам болгондугун белгиледи. (АТо)
18:05 Оштогу бир катар бейөкмөт уюмдар Түптөгү оппозициянын жүрүшүн кууп-таратууну айыпташууда