Партиянын маалымат катчысы Авланбек Жумабаевдин “Азаттыкка” билдиргени боюнча ушул тапта “Достук” мейманканасында премьер-министр Игорь Чудинов бир катар өкмөт мүчөлөрү менен чогуу делегаттар менен жолугушууда. Андан кийин делегаттардын топтору секцияларда иштешип, өлкөнү экономикалык жактан өнүктүрүү программасын жана “Ак Жол” партиясынын уставына өзгөртүү киргизүү маселесин карашат. Секциялардагы иштин жыйынтыгы саат 16:00 опера балет театрында болуучу жалпы курултайда талкууланмакчы. Курултайга мамлекет башчы Курманбек Бакиев катышары күтүлүүдө. (ZKo)