Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2026-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 04:43

БУУ лидерлери азык-түлүк кризисинен чыгуунун жолдорун издешүүдө

Швейцариянын Берн шаарында өтчү жолугушууда БУУнун лидерлери дүйнөлүк азык-түлүк кризисин талкуулашат. БУУнун баш катчысы Пан Ги Мун аталган жолугушууну атайын уюштуруп, азык-түлүккө болгон бааны төмөндөтүүгө жана тамак-аштын жетишпестигин чечүүгө байланышкан сунуштарды издөөдө. БУУнун маалыматы боюнча, азык-түлүк баасы былтыркы жылы эле 60 пайызга жогорулаган. Баалардын өсүшү Африка, Азия жана Түштүк Америкадагы өлкөлөрдө наарзылык акцияларын жаратууда.
XS
SM
MD
LG