Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:41

TAPI, IPI ДОЛБООРЛОРУ БОЮНЧА ГАЗ КУУРУ КУРУЛАТ


Элеонора Бейшенбек кызы, Прага 28-апрелде түркмөн президенти Ооганстанга келди. Гурбангуллы Бердымухамедов түркмөн газын --> http://rfe.azattyk.org/rubrics/economics/ky/2008/04/3C3D9195-8975-40E0-965F-9F269E121EC8.asp Ооганстан аркылуу Пакистан менен Индияга сатууну каалайт. Ошол эле тапта Иран президенти Махмуд Ахмединежад Пакистанда болуп, газ кууру тууралуу сүйлөшүүлөрдү жүргүздү.

Кабулда Гурбангулы Бердымухамедов Түркмөнстан-Ооганстан-Пакистан-Индия, башкача айтканда, TAPI долбоору боюнча бир нече күн мурда келишимге кол коюлгандан кийин болду. Иран президенти Махмуд Ахмединежад болсо Исламабадда Иран-Индия (IPI) кууру тууралуу сүйлөшүү жүргүздү.

Ооган президенти Хамид Карзай Бердымухамедов менен жолуккандан кийин мындай деди:

- Түркмөн презденти менен эки өлкөгө тең тиешелүү маселелерди талкууладык. Сүйлөшүүлөр негизинен эки өлкө ортосунда энергия алмашуу, жол катнашты, байланышты өнүктүрүү жана Түркмөнстандан Ооганстан, Пакистан жана Индияга алып өтчү газ кууру тууралуу болду. Биздин өлкөрдү байланыштырчу жана Ооганстан аркылуу коңшу мамлекеттерге кетчү темир жол курууну талкууладык. Ошондой эле Түркмөнстандан Ооганстанга электр жеткирүүнү талкууладык. Терроризм коркунучу жана аймактагы көйгөйлөр тууралуу сөз болду,

Түркмөн президенти өз кезегинде бул жолугушууну эки мамлекет ортосундагы кызматташуунун жаңы доорунун башташылышы деп сыпаттады:

- Биздин тарыхый достугубузда көп эле нерселер өткөн. Бирок азыр биз эки өлкөнүн пайдалуу карым-катышын өнүктүрүүгө кеңири мүмкүнчүлүк түзгөн таптакыр жаңы доорго кирип жатабыз.

Болжолдонгон пландарга ылайык бир миң алты жүздөн ашык чакырым аралыктагы газ кууру Түркмөнстандын Даулетабад шаарынан башталып, Ооганстандын Герат, Кандагар шаарлары аркылуу өтөт. Андан соң Пакистандын Кветта шаарынан Индияга жетет. Эгер иш ойдогудай чыкса жылына бул газ куурдан отуз үч миң кубометр газ ташылат. Жалпысынан курулуштун наркы алты миллиард доллар деп бааланып жатат.

Серепчилер TAPI долбоорунун эки башкы кемчилигин белгилешүүдө. Биринчиси – газ куурдун коопсуздукту камсыз кылуу опурталдуу болгон Ооганстан аркылуу өтүшү. Экинчиси – Түрмөнстандагы газдын чыныгы запасы канча деген суроо.

Орусиялык “Коммерсант” гезити 28-апрелдеги санына жазганына караганда Түркмөнстан Орусиядагы Газпром компаниясы менен жылына элүү миң кубометр газ жөнөтүп туруу боюнча узак мөөнөттөгү келишими бар. Кытай менен да макулдашып 2009-жылдан тарта жылына отуз миң кубметр газ жөнөтө баштайт. Иранга ар жылы сегиз кубометр жөнөтүп туруу боюнча макулдашкан. Бердымухамедов жакында эле Евробиримдикке кирген бир катар мамлекеттерге да газ берем деп убада кылган, бирок азырынча келишимдин чоо-жайы тактала элек.

IPI долбооруна караганда TAPIнын эки башкы артыкчылыгы белгиленет. Биринчисине ылайык TAPI Азия Өнүктүрүү Банкы тарабынан каржылоого алынат жана Ирандын бул долбоорго катышы жок. Ушундан улам TAPI америкалык компанияларды баш кылып башка инвестор таба алат.

IPI долбооруна ылайык эки миң алты жүз километр газ кууру курулат. Анын курулуш наркы жети миллиард долларды түзөт. Башында отуз миң кубометр гахз жөнөтүлөт. Иран бул долбоорду 90-жылдары сунуштаган. Бирок Пакистан менен Индиянын өз ара келишпестиктеринен улам ал ишке ашпай келген.

Бул долбоорго Кошмо Штаттары каршы чыкканы менен Орусиялык жана кытайлык компаниялар кызыгуусун билдиришти.

TAPI долбоорунун башкы катышуучулары эми май айында жолугушуп газды алып өтүү үчүн баа маселесин чечишмекчи. Махмуд Ахмединежад болсо шейшемби күнү газ кууру боюнча Ооганстанга сапар улайт.

XS
SM
MD
LG