Илим жана билим берүү министрлигинин маалыматы боюнча жалпы республикалык тестирлөөгө абитуриенттерди алгачкы каттоо аяктады. Каттоо жергиликтүү билим берүү бөлүмдөрүнүн жардамы менен өлкөнүн бардык аймактарында жүргүзүлгөн. Алгачкы каттоого жетишип катталбай калган окуучулар тестирлөөгө бир күн калганда кошумча тизме менен каттала алышат. Жалпы республикалык тестирлөө май айынын аягында жүргүзүлөт.(ZKo)