Линктер

дүйшөмбү, 25-сентябрь, 2017 Бишкек убактысы 14:18

13:15 Казак инвесторлору Кыргызстандын экономикалык климатын катаал көрүшөт


Кыргызстанда ишкердүүлүк кылуу оор, ага салыктын түрлөрүнүн жана өлчөмүнүн көптүгү, жердин ижарага берилиши көп учурда тоскоолдук кылат. Бул тууралуу билдирген Казакстандын инвесторлор ассоциациясынын президенти Бахытбек Желдибаев эң негизги тоскоолдук жердин сатылбаганы жана “Инвестициялар” жөнүндөгү мыйзам, деп белгиледи. Анын сөзү боюнча ижарага алып иштеткен жерге чоң инвестиция салууну каалагандар аз. “Ошол эле учурда ишкананын 70% ашыгы Кыргызстанга тиешелүү болсо деле, ишкана чет элдик деп эсептелет. Бул болсо өз кезегинде чет элдик ишкана катары салыктарды көп төлөөгө аргасыз кылат,” дейт Казакстандык ишкер.(ZKo)
XS
SM
MD
LG