Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 06:41

14:23 Укук коргоочулар: “Түп токмогун” бийлик уюштурган


Бүгүн бир катар укук коргоочулар маалымат жыйын өткөрүп, 26-апрелде Түптө орун алган окуяга баа беришти. Алардын айтымында, бийлик атайын чагым уюштуруп, элди кагылыштырууга аракет жасашты. “Жөө жүрүшкө чыккандарды ур токмокко алып, жумуртка ыргыткандарды бийликтегилер алдын-ала даярдашкан. Буга бийликтин түздөн түз тиешеси бар экени айкын эле көрүнүп турду. Анткени, милиция кызматкерлери чагымчыларга тийбей, кайра астыртан колдоо көрсөтүшсө, жергиликтүү бийлик өкүлдөрү жана айыл өкмөттөрү “аракка тойгон мас адамдарды” жөө жүрүштүн катышуучуларына каршы тукуруп, айдактап атканын көрүп турдук. Муну менен бийлик өз жүзүн көрсөттү”,- дейт укук коргоочу Төлөйкан Исмаилова. (ESu)

XS
SM
MD
LG