Мындай пикирин жүрүшкө байкоо жүргүзүп келген укук коргоочулар бүгүн маалымат жыйынында билдирдишти. Жөө жүрүштө уюштурулган чагымчыл аракеттер жергиликтүү бийлик тарабынан жасалганы анык жана бул тууралуу далилдер бар, деп баса белгилеген “Жарандар коррупцияга каршы” уюмунун жетекчиси Төлөйкан Исамилова чагымчыл аракеттер айыл өкмөтүнүн түздөн-түз көзөмөлү алдында жүрүп жатты, деп эсептейт. Укук коргоочулар бийликтин чагымына алдырбай, жүрүштү убактылуу токтотуу тууралуу чечим кабыл алган оппозиция лидерлерин кырдаалды курчутпай, акыл-эстүүлүк менен кадам ташташты, деп баалашты. “Эгер 26-апрелде жөө жүрүштү токтотпой, бийликтин кутумчу аракеттерине берилип кетсе, Аксы окуясынан да жаман кырдаал түзүлмөк”, дейт Төлөйкан Исмаилова. Буга чейин жергиликтүү бийлик жана айрым маалымат каражаттары “Ыйык Ата журтту коргоо үчүн” жөө жүрүшүнө жергиликтүү эл каршы чыкты, деп билдиришкен. (ZKo)