Аталган кыймылдын координациялык кеңешинин төрагасы Аликбек Жекшенкуловдун “Азаттыкка” маалымдаганы боюнча тиешелүү маалыматтардын толук чогулбай жатканынан улам билдирүү кечеңдөөдө. Анын айтуусунда жөө жүрүш учурунда бийлик тарабынан көрсөтүлгөн тоскоолдук, чагымдын баары сүрөткө жана видеотасмага тартылып алынган. 26-апрелдеги жөө жүрүш максатына жеткендиги тууралуу билдирүүсүн “Акыйкат үчүн” кыймылынын лидерлери айрым маалымат каражаттары аркылуу жарыялашкан. (ZKo)