Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 21:06

16:06 Кеминдеги “Аялдар комитети” элге кайрылуу кылат


Бул туурасында бүгүн “Аялдар комитети” коомдук уюмунун жетекчиси Лира Термечикова «Азаттыкка» маалымдады. «Соңку учурларда кайсыл тарап болбосун айымдарды курал катары пайдаланып, кыргыз аялдарына жаман ат алып келүүдө. Буга кечээ жакында Түптөгү болгон окуя да далил болду. Андагы курал катары колдонулган айрым аялдар үчүн, дүйнө эли кыргыз аялдарын тескери жактан таанып жатат», - деп белгилейт Лира Термечикова. Учурда Кеминдеги «Аялдар комитети» коомдук уюму кыргыз элине жана өлкө башчысына кайрылуу даярдап жатат. Кайрылууда кыргыз айымдарын саясий чагымдарда курал катары пайдаланууга тыюу салуу маселеси камтылган. 26-апрелде Ысыккөлдүн Түп районунда жүрүш башталып, бирок айрым жарандардын каршылыгына байланыштуу ал токтотулган эле. (JJ)

XS
SM
MD
LG