Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 07:56

16:47 Акыйкатчынын Нарын облусу боюнча өкүлү алмашты


Бүгүн акыйкатчысы Турсунбек Акун Нарын шаарында болуп, коомчулук менен жолугушуу өткөрдү. Турсунбек Акун өз сөзүндө өлкө боюнча Акыйкатчы институтунда 138 кызматкер иштеп келгендигин, учурда 32 штаттык бирдик кыскартылгандыгын белгиледи. “Мен акыйкатчылык иште өз милдеттерин аткара албагандар менен кызматташа албайм деп башынан эле айтып келем. Натыйжада облустагы бир катар өкүлдөр өздөрү орундарды бошотушту. Ал эми Нарындагы өкүл Зуурабүбү Үмөталиева кечээ арыз жазып берди”, - деди Турсунбек Акун. Мурдагы өкүл Зуурабүбү Үмөталиева мындай кадамга жаш курагына байланыштуу баргандыгын билдирди. Бул орунга мурда Президенттин алдындагы адам укугун коргоо боюнча комиссиянын мүчөсү болуп келген Бакыт Рысбековдун талапкерлиги сунушталды. (KUs)

XS
SM
MD
LG