Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 14:05

17:20 “Акыйкат үчүн” кыймылы президент Курманбек Бакиевден жөө жүрүштө чагымчылыкты уюштургандарды жоопко тартуусун талап кылууда


Аталган кыймылдын мүчөлөрү буга байланыштуу мамлекет башчыга жана коомчулукка кайрылуу жасашты. Анда Каркыра жайлоосу менен Ысыккөлдөгү төрт пансионат тууралуу кыргыз-казак макулдашуусу шашылыш түрдө, элге кеңири маалымат жеткирбей туруп ратификациядан өткөрүлгөнү белгиленген. “Мына ушул маалыматты Ысыккөлдүн элине жеткирүү максатында чыккан жөө жүрүштүн катышуучуларынын Конституциялык укуктары бузулуп, бийлик кылмыштуу элементтерди, албууттанган аялдарды, ошондой эле айылдыктарча кийинип алышкан милиция кызматкерлерин жана жергиликтүү айрым чиновниктерди пайдалануу менен ыймансыз провокацияларга жана мыйзамсыз аракеттерге барды. Жергиликтүү аткаминерлердин кагылышууларды, тартипсиздикти уюштурууга аракеттенип жатышы жана алар бардыгына даяр экендиги көрүнүп турду,” деп айтылат кайрылууда. Кайрылуу ээлери мамлекет башчыдан жана Башкы прокуратурадан чагымчылыкты уюштургандарга карата чара көрүүсүн талап кылып, коомчулукту өлкөнүн келечегине кайдыгер карабоого чакырышкан. (ZKo)

XS
SM
MD
LG