Бул тууралуу бүгүн “Ак Жол” партиясынын курултайында партия төрагасынын орун басары Элмира Ибраимова билдирди. Ал партиянын атынан шайланган айрым депутаттар партиялык жана фракциялык тартипти сактабай атышкандыгын белгилеп, партиянын саясий кеңеши буга карата чара көрүүгө тийиш, деп билдирди. Элмира Ибраимова “Ак Жол” партиясынан шайланган депутаттар шайлоочулардын ишеничин актап жаткандыгын айтып, партиянын эмгеги менен быйылкы жылы өлкөдө экономикалык секирик күтүлүп жаткандыгын баса белгиледи.
Бирок айрым саясатчылар “Ак Жол” партиясынан шайланган депутаттар чегара жана төрт пансионатка байланыштуу кыргыз-казак макулдашуусун ратификациялоодо, энергетикага байланыштуу программа кабыл алууда өз элине чыккынчылык кылышты, деген пикирлерин билдирип келишет. (ZKo)