Азык-түлүк коопсуздугу боюнча парламенттик угуунун жыйынтыгында депутаттар өкмөткө бир топ сунуштар менен кайрылышты. Алардын ичинде өлкө боюнча дан азыктарын өндүрүүчү атайын райондорду аныктоо, кыргыз өкмөтүнүн структурасында азык-түлүк коопсуздугуна жооп берген вице-премьердин кызмат оордун түзүү жана башка маселелер бар. (TD)