Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
30-Апрель, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 02:16

17:44 Ишембиде борбор азиялык студенттер жапончо “айтышка” чыгышат


3-майда Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинде Борбор Азия өлкөлөрүнүн студенттери арасында жапон тили боюнча 12-чечен таймашы өтөт. Бул таймашка Казакстан, Кыргызстан, Өзбекстан жана Тажикстандан болуп бардыгы 20 студент катышат, деп билдирет Кыргызстандагы Жапон тили окутуучулар ассоциациясы. Кыргызстандан аталган таймашка катышууга алты студент укук алган. Алар Кусейин Карасаев атындагы Бишкек гуманитардык университетинин, Ишенаалы Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин, Ош мамлекеттик университетинин жана Адамзат ресурстарын өнүктүрүү кыргыз-жапон борборунун студенттери.(TD)

XS
SM
MD
LG