Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 23:51

19:16 Кыргызстан менен Тажикстандын Коопсуздук Кеңештеринин катчылары жолугушту


29-апрелде Исфара шаарында (Тажикстан Республикасы) Кыргызстан менен Тажикстандын Коопсуздук Кеңештеринин катчылары Токон Мамытов менен Амиркул Азимовдун жумушчу жолугушуусу болду, деп кабарлайт президенттин маалымат кызматы. Жолугушууга ошондой эле коопсуздук органдарынын, чек ара жана бажы кызматтарынын, эки өлкөнүн ички иштер органдарынын жетекчилери, Баткен жана Согдий облусттарынын губернаторлору, Баткен жана Исфара райондорунун акимдери дагы катышты. Сүйлөшүүлөрдө, эл аралык ченемдерге ылайык, Кыргызстан менен Тажикстандын өкүлдөрү мамлекеттик чек араларды аныктоо жана бөлүү иштери толук аяктаганга чейин чек ара аймактарынын талаштуу жерлеринде чарбалык иштерди жүргүзүүгө жол бербөө жөнүндө келишишти. Мындан тышкары, тараптар кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасын эки өлкөнүн чек ара ведомстволорунун күчтөрү менен биргелешип коргоо жөнүндө келишимге жетишишти. Келерки жолугушуу ушул жылы сентябрда Баткен шаарында өтө турган болду. (TD)

XS
SM
MD
LG