Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 23:46

Ооган коопсуздук күчтөрүнүн Кабулдагы аскердик өнөктүгүнөн кеминде жети согушкер өлтүрүлдү


Алар өткөн жуманын аягында президент Хамид Карзайга кол салган деп шектелип жаткан куралчандар болчу. Автомат жана граната аткычтар колдонулган айыгышкан аткылашуу бир нече саатка созулуп, салгылашууда бери дегенде жети киши набыт болгону кабардалды. Ооган Ички иштер министрлигинин өкүлү бул камалоого алынган куралчандарды “террорчу” катары айыптады. Талиптердин өкүлү бүгүнкү салгылашта өздөрүнүн эки жоочусу өлгөнүн билдирди. Бул маалымат азырынча көз карандысыз булактар тарабынан тастыктала элек.

XS
SM
MD
LG