Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 16:17

7:00 Кыргызстан менен Тажикстан чек ара такталмайынча талаштуу жерлерди өздөштүрбөй турууга макулдашты


Эки өлкөнүн коопсуздук кеңешинин катчылары Токон Мамытов менен Амиркул Азимовдун Тажикстандын Исфара шаарындагы жолугушуусунун соңунда тараптар ушундай келишимге жетишкенин кечээ президенттин маалымат кызматынан кабарлашты. Жолугушуунун жыйынтыгында чек арага жакын жайгашкан аймактарда пайда болуучу чыр-чатактуу кырдаалды чечүү жана алдын алуу боюнча жергиликтүү бийлик башчыларынын деңгээлинде штабдарды түзүү чечими да кабыл алынды. Чек ара такталмайынча талаштуу делген жерлерди иштетпей туруу боюнча эки тараптын ортосунда буга чейин да макулдашуулар болгон. Бирок ага карабай тажик тарап мындай жерлерди бир тараптуу өздөштүрүп, а түгүл ири курулуштарды куруп жатканын Жогорку Кеңештин депутаты Мурат Жураев буга чейин айтып келген. Эки өлкөнүн Баткен жана Согду облусарынын ортосунда талаштуу делген бир канча аймак бар.(SM)

XS
SM
MD
LG