Лондондук футбол клубу атааңдашы “Ливерпульду” шаршемби күнү кечинде 3-2 эсеби жеңип алды. Эми финалда “Челси” дагы бир англиялык клуб “Манчестер Юнайтед” менен беттешет. Мурдакүнү “Манчестер Юнайтед” Испаниянын “Барселонасын” 1-0 эсеби менен оюндун экинчи бөлүгүндө жеңип алган болчу. Чемпиондор лигасынын финалдык беттешүүсү май айында Москвада өтөт.