Борбор коомчулукту маалымат менен оперативдүү камсыз кылуу максатында ачылганын «Азаттыкка» Оштогу Коомдук кыймылдын төрагасы Абдыкайым Кангелдиев билдирди. Анын айтымында, түштүктөгү бир катар саясий жана бейөкмөт уюмдардын башын бириктирген кыймылдын ишине мамлекеттик органдар, ошондой эле бийлик тукурган аялдар жана кылмыштуу топтор бут тосуп жаткандыктан ушундай кадам жасоого мажбур болушту. Ош облустук адилет башкармалыгынын жетекчисинин орун басары Рахман Таштанов Коомдук кыймыл мамлекеттик каттоодон өтмөйүнчө анын ар бир аракети жана мүчөлөрүнүн сүйлөгөн сөздөрү мыйзамсыз деп эсептейт. (ATo)