Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 12:20

Аба ырайы: 2-майда Кыргызстанда ала булут каптап турат


Аба ырайын маалымдоо борборунун билдирүүсүнө караганда, 2-майда Кыргызстанда ала булут каптап турат. Жаан-чачын болбойт. Түндүк-батыш тараптан ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жеткен сыдырым жел жүрөт. Ысыккөл акваториясында шамалдын ылдамдыгы 19-24 метрге чейин жетет.

Абанын температурасы:

Чүй облусунда түнкүсүн +3…+8, күндүз +20…+25 градус.
Талас дубанында түнкүсүн +2…+7, күндүз +20…+25 градус.
Баткен аймагында түнкүсүн +9…+14, күндүз +23…+28 градус.
Жалалабат, Ош облустарында түнкүсүн +10…+15, күндүз +24…+29 градус.
Ысыккөлдө түнкүсүн +2…+7, күндүз +15…+20 градус.
Нарын облусунда түнкүсүн +1…+6, күндүз +17…+22 градус.
Бишкекте сейрек булут каптап турат. Жамгыр жаабайт. Абанын температурасы түнкүсүн +4…+6, күндүз +22…+24 градус болот.

XS
SM
MD
LG