Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 02:42

7:00 Акыйкатчы институту Түптөгү окуя боюнча бүгүн коомдук иликтөө жүргүзүп баштайт


Бул үчүн Акыйкатчынын өкүлдөрү бүгүн Түпкө жөнөп кетишмекчи. Бул тууралуу “Азаттыкка” билдирген акыйкатчы Турсунбек Акун Түптөгү окуя адам укуктарын жана эркиндиктерин бузгандык деп эсептээрин, ал өлкөнүн эл аралык беделине шек келтирээрин кошумчалады. Өткөн ишембиде “Ыйык жерди коргоо” комитети “Акыйкат үчүн” кыймылы менен бирге Каркыра жайлоосундагы жердин жана Ысыккөлдүн жээгиндеги 4 пансионаттын Казакстанга берилишине каршы Түп районунда жөө жүрүш баштап, бирок чагымчыл аракетерден улам аны токтотууга аргасыз болушкан. Кыймылдын жетекчилери жөө жүрүшкө каршы чагымды бийлик атайын уюштурган деп эсептешүүдө.(SM)

XS
SM
MD
LG