Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:40

7:18 Cуу-энергетикалык кырдаалды турукташтыруу боюнча республикалык штаб түзүлөт


Бул тууралуу өкмөт кабыл алган Токтогул суу сактагычында суунун керектүү көлөмүн топтоо чаралары жөнүндөгү токтомдо белгиленген. Токтом экономика тармактарынын жана калктын электр кубатына, отунга болгон керектөөлөрүн камсыздоо, ошондой эле кышка даярдыкты өз учурунда камсыздоо максатында кабыл алынды. Анда Токтогул суу сактагычындагы суунун көлөмүн 1-октябрга чейин 12 миллиард куб метрге чейин жеткирүү зарылдыгы белгиленген. Азыркы учурда суу сактагычтагы суунун көлөмү 6 жарым миллиард куб метрге чейин түшүп, бул тармакта кризистик абал түзүлүүдө.(SM)

XS
SM
MD
LG