Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 19:35

Азербайжан Орусиядан Иранга бараткан өзөктүк жүктү бошотту


Азербайжан бир айдан бери кармап турган Орусиядан Иранга бараткан өзөктүк жабдыктарды кое берди. Өлкөнүн бажы кызматтары Иран менен чегарадагы Астара көзөмөл бекетинде жүк ташыган машиналардын чакан кербенин 29-мартта токтоткон эле. Азербайжан бийликтери бул жүктү кое берүүдөн мурда анын бардык документтерин көрсөтүүнү талап кылышкан болчу. Орусия Ирандын Бушер өзөктүк ишканасына бараткан жабдыктар боюнча толугураак маалымат берип, эми жүк Иранды көздөй баратканы белгилүү болду.

XS
SM
MD
LG