Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Март, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 13:59

12:09 Эртең Ошто журналисттерге Алишер Саипов атындагы сыйлык тапшырылат


Эртең, Сөз эркиндигинин дүйнөлүк күнүндө, Ошто атайын иш-чара өтөт. Аны ММКны колдоо боюнча Оштогу ресурстук борбор уюштурууда. Аталган борбордун жетекчиси Максуда Айтиева “Азаттыкка” билдиргенине караганда, иш-чара учурунда жергиликтүү айрым кабарчыларга маркум журналист Алишер Саипов атындагы сыйлык тапшырылат. Сыйлык А.Саиповдун кесиптештеринин демилгеси менен түзүлгөнү айтылды. Уюштуруучулардын бири, “Медиа инкубатор” уюмунун төрагасы Абдымомун Мамараимов “Азаттыктын” суроолоруна жооп берип жатып, сыйлыкты үч уюм биргелешип түзүп жатканын кабарлады. Алардын катарына “Медиа инкубатордон” сырткары, “Справедливость” укук коргоо уюму жана Орусиядагы “Фергана.ру” маалымат агенттиги киришет. “Сыйлык жыл сайын Сөз эркиндигинин дүйнөлүк күнүндө мыкты журналисттерге ыйгарылып турмакчы”, - деди А.Мамараимов. (TD)

XS
SM
MD
LG