Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Январь, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 20:32

13:20 Самарада кыргыз спорт күндөрү өтөт


3-4-май күндөрү Орусиянын Самара шаарында ал жердеги “Манас Ата” кыргыз диаспорасынын беш жылдык мааракесине арналган спорттук оюндар өтөт. Бул тууралуу бүгүн “Азаттыкка” аталган диаспоранын төрагасы Акыл Кудуев билдирди. Анын айтымында, иш-чарага Орусиянын 10 ашуун шаарынан кыргыз диаспораларынын спорт командалары келишет жана оюндар спорттун түрүнө жараша шаардагы бир канча жайларда өтмөкчү. Ушул саатка карата өлкөнүн үч шаарынан командалар келишкени кабарланды. “Жалпысынан оюндарды өткөрүүгө 300 миң рублдай каражат сарпталат деп турабыз”, - дейт А.Кудуев. Самарада жашаган кыргыз жарандарынын саны 5-6 миңдин тегерегинде. (TD)

XS
SM
MD
LG