Жыйында партиянын жер-жерлердеги конференцияларын уюштуруу маселеси жана Түптөгү окуялар талкууланды. Анда белгиленгендей, жөө жүрүшкө каршылык бийлик тарабынан уюштурулган жана андай чагымчылык, элди аймактарга бөлүштүрүү мамлекеттин коопсуздугуна зыян тийгизүүсү жана 2005-жылда болгон ыңкылаптагыдай окуялар кайталанып кетүүсү ыктымал. УТРКнын тасмасында кимге ким асылып, Болот Шерниязовго ким кол көтөргөнү көрүнүп турат. Бийлик жөө жүрүштөгүлөргө жумуртка ыргытып, кол салгандарды таап жазалоосу керек. Эгер андай болбосо облустук бөлүм түрдүү акцияларды жүргүзө берет. Облбийликтин бөлүм башчысы Кадырбек Бечелов партиянын жыйынын билбей турганын, чет элдик инвесторлор келип кыргыз экономикасына салым кошуп жатканда каршылык акцияларды жасоо туура эмес жана президентти колдоо зарылдыгын билдирди. (YA)
17:06 2-майда “Ата мекен” партиясы менен Коомдук парламенттин Жалалабат облусундагы өкүлдөрү жыйын курду