Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 17:14

19:29 “Кумтөр” боюнча келишимдин долбоору 29-майда Жогорку Кеңеште каралат


Бул тууралуу бүгүн президент менен жолугушууда өлкөнүн өкмөт башчысы Игорь Чудинов билдирди, деп кабарлайт президенттин маалымат кызматы. Чудиновдун айтымында, парламентин Тышкы иштер жана парламенттер аралык кызматташуу комитети өкмөткө “Кумтөр” алтын кенинде казылуучу алтындын өздүк наркы, сатык баасы, божомолдор, геологиялык камылгасы, “Центера голд Инк” компаниясынын активдеринин көз карандысыз бааланышы, компаниянын акционерлеринин реестри, эмиссия жана башка укуктук аспектилер боюнча кошумча маалымат берүүнү тапшырган. Бул иш 30-апрелге чейин бүткөрүлүшү керек эле. Бирок айрым себептерден улам аны бүткөрүү дагы бир айга узартылган. “Комиссия макулдашуунун шарттарын жакшыртууга багытталган бир катар сунуштарды айтты. Канадалык тарап аларды эске алат деп ишенебиз”, - деди И.Чудинов. Президент болсо, ишти эми создуктурбай тезирээк бүткөрүү зарыл экендигин белгилеген. (TD)

XS
SM
MD
LG