Бул тууралуу И. Кадырбековду коргоо комитетинин төрайымы Асыл Жаманова "Азаттыкка" билдирди. Анын айтымында, кайрылуу башкы прокурор Элмырза Сатыбалдиевге, акыйкатчы Турсунбек Акунга жана ЕККУнун Кыргызстандагы өкүлчүлүгүнө да жиберилди. Анда Кадырбековдун адамдык укугун коргоп, начарлап кеткен ден соолугуна камкордук көрүү талабы айтылды. Комитет төрайымынын билдирүүсү боюнча, экс-депутат Бишкектеги жүрөк кан-тамырларын дарылоочу ооруканага абак күзөтчүсүнүн кайтаруусу менен жаткырылды. Ага кан басымы жогорулап, эски оорулары күчөп кеткендиги себеп болду. (BD)