Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Май, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:10

Түркиянын согуш учактары түн ичинде Ирактын түндүгүндөгү күрт козголоңчуларынын турумдарын бомбалашты


Курман болгондор жөнүндө азырынча маалымат жок. Күрттөрдүн сепаратисттик жумушчу партиясынын (ПККнын) өкүлү билдиргенине караганда, аскерлер ошондой эле “Күрдистандын эркин жашоосу” деген партиянын базаларын бутага алышкан.

Ага чейин Түркиянын мамлекеттик Анатолия маалымат агенттиги сокку түн ортосунда башталганын кабарлаган. Түрк армиясы өткөн аптада эле ПККнын базаларына каршы соккусун токтоткон. АКШ жана Европа биримдиги ПККны террордук уюмдардын катарына киргизген.

XS
SM
MD
LG