Бул тууралуу атын атабаган америкалык дипломат билдирди. Бирок мамлекеттик департаменттин басма сөз катчысы Том Кейси Вашингтон ар кандай мүмкүнчүлүктөрдү караштырып жатат деп эле чектелди. АКШ Белорустагы адам укуктарынын бузулуп жаткандыгына байланыштуу Минскиге каршы экономикалык санкция киргизген эле. Буга нааразы болгон Белорус бийликтери өлкөдөгү америкалык дипломаттардын санын кыскартууну талап кылган.