Мындай билдирүүнү төртилтиктин Лондондогу жолугушуусунан кийин Улуттар уюмунун баш катчысы Пан Ки Мун жасады. Баш катчы ошондой эле донор мамлекеттерди Палестин автономиясына убада кылынган каражатты тезирээк которууга чакырды. Жыйын учурунда АКШнын мамлекеттик катчысы Кондилиза Райс палестин өкмөт башчысы Салам Файад жана Израилдин тышкы иштер министри Ципни Ливни менен 3 тараптуу сүйлөшүү өткөрмөкчү. Палестин-жөөт жаңжалын жөнгө салуу боюнча төртилтикке Улуттар уюму, АКШ, Европа биримдиги жана Россия кирет.
Жакынкы Чыгыш боюнча арачылар тобу Израилди Иордан дарыясынын батыш жээгинде конуштарын курууну убактылуу токтотууга үндөдү