Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:19

10:34 Кыргызстан БУУнун туруктуу өнүгүү комиссиясына кирди


Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди. БУУнун экономикалык жана социалдык кеңешинин көмөкчү органы болгон комиссия туруктуу өнүгүү, анын ичинде 21 кылымдын күн тартибиндеги милдеттерди жана аракеттенүүнүн Йоханнесбург планын ишке ашырууга багытталган эл аралык программалардын аткарылышына көз салат. Кыргызстандын бул комиссияга кириши адамзаттын дүйнөлүк деңгээлдеги көйгөйлөрүн чечүүдө жана туруктуу өнүгүүгө байланышкан чечимдерди кабыл алууда салым кошушуна шарт түзөт. Кыргызстан мындан тышкары БУУнун бухгалтердик эсеп менен отчеттуулуктун эл аралык стандарттары боюнча өкмөттөр аралык эксперттер тобунун мүчөлүгүнө да алынды. (BD)

XS
SM
MD
LG