“Индия-кыргыз алакасы: келечек жана көз караштар” деп аталган китептин бетачары дүйнөлүк проблемалардын Индиялык кеңешинде болду. Китеп “Индия жана Борбор Азия” аттуу фонд менен Тышкы иштер министрлигинин алдындагы дипломатиялык академиянын ортосунда былтыр түзүлгөн кызматташуу макулдашуусунун алкагында жарык көрдү. Ага кыргыз жана индиялык иликтөөчүлөрдүн коопсуздук, чегера жана суу көйгөйлөрү, саясий түзүлүш жана Кыргызстандагы конституциялык реформа, билим берүү жана гендер маселеси сыяктуу багыттар боюнча жазган 14 макаласы киргизилген. (BD)