Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 11:10

11:15 А.Муралиев: “Кулов жетектеген дирекция атаандаштыкты күчөтүшү зарыл”


Экс-премьер министр Амангелди Муралиев мындай пикирин “Азаттыкка” бүгүн билдирди. Анын айтымында, энергетика тармагында чакан жана орто ГЭСтерди куруу демилгеси мурда эле башталган. Бирок, коррупция менен өкмөттүк деңгээлде колдоонун жоктугунан арабөк калган. Буга Карабалта аймагында кичи ГЭСтерди курууну максат кылган француз ишкерлеринин демилгеси жакшы мисал. Эми Куловдун демилгеси өкмөт тарабынан колдоо тапса ишке ашышы толук мүмкүн. Себеби, чакан ГЭСтерге зарыл долбоорлор менен жабдуулар буга чейин Бишкектеги оор электромашиналар заводунда иштелип чыккан. “Бирок, бул демилге ээлери энергетика тармагында монополист болбой ишкерлерге шарт түзүп, чакан ГЭСтерди курам деген жок дегенде ондон кем эмес фирманы иштетип, өз ара атаандаштыкты күчөтүшү өтө зарыл”,-деди А.Муралиев.(BD)

XS
SM
MD
LG