Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:04

12:32 Өкмөт көмүскө экономиканы ачыктоо планы менен программасын күчөткөнү калды


Премьер-министр мындай токтомго бүгүн кол койду. Ага ылайык көмүскө экономиканы 2007-2010-жылдарда ачыкка чыгаруу боюнча мурдагы программа менен планды Өнөр жай жана экономикалык өнүгүү министрлиги бир айдын ичинде кайра оңдоп чыкмай болду. Анткени, бул багытта өткөн жылы белгиленген 36 иш-чаранын 17 гана аткарылып, 19уна кол жеткен эмес. Ага “Көмүскөдөгү кыймылдуу жана кыймылсыз мүлк жана каражаттарды ачыкка чыгарууга мунапыс берүү” жөнүндөгү мыйзам баштаган бир катар мыйзамдардын ишке ашпагандыгы жана коррупция деген түшүнүктүн такталбагандыгы башкы себеп болгон. Расмий маалыматтар боюнча Кыргызстанда көмүскө экономиканын көлөмү ички дүң продукциянын 19 пайызын, ал эми бейрасмий маалыматтар боюнча 50 пайызын түзөт. (BD)

XS
SM
MD
LG