Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 12:49

17:37 Оштук үч журналистке маркум Алишер Саипов атындагы сыйлык тапшырылды


Сыйлыкты Жалалабаттагы «Акыйкаттуулук», «Медиа Инкубатор» бейөкмөт уюмдары, Москвадагы «Fergana.ru» маалымат агенттиги негиздеген. Узакка созулган талаш-тартыштан кийин «Бардыгы үчүн укук» басылмасынын кабарчысы Сахира Назаровага, «МезонТВ» телекомпаниясынын кызматкери Ильхом Абдукахаровго жана жаш журналист Минайым Исабаевага ыйгарылып, лауреаттык дипломду, ошондой эле ар бирине 4 миң сомду «Акыйкаттуулук» укук коргоо борборунун төрайымы Валентина Гриценко тапшырды. Ага удаа Кыргызстандагы сөз эркиндигинин бүгүнкү акыбалы талкууланды. Салтанат ортолоп калганда Ошто атылып өлтүрүлгөн «Саясат» гезитинин баш редактору Алишер Саиповдун атасы Аваз Саипов уулунун кесиптештерине ыраазычылыгын билдирген сөз сүйлөп, маркумдун айрым коллегаларын баласына байланышкан маалыматттарды бурмалап жайылткандыгы үчүн айыптап, «өлгөндөн кийин эскерип, сыйлык уюштуруунун кажети жок» деген ниетте залды таштап чыгып кетти. (АТо)

XS
SM
MD
LG