Райондук шайлоо комиссиясынын төрагасы Мунасыпжан Мамасаидовдун “Азаттыкка” кабарлаганы боюнча айылдык кеңештин депутаттарын шайлоо райондун Нурабад жана Төбөкоргон айыл өкмөттөрүндө өтүп жатат. Эрте мененки саат сегизде ачылган шайлоо участокторуна келип, добуш берген шайлоочулардын катышы саат 10:00 карата 10% ашты. Анын айтуусунда Нурабад айылдык кеңешиндеги 15 депутаттык орунга 25 талапкер, Төбөкоргондогу 21 орунга 41 талапкер ат салышууда. Добуш берүүгө талапкерлердин байкоочулары менен катар көз карандысыз байкоочулар да көзөмөл кылып турушат. (ZKo)