Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 01:35

12:00 Калмурат Садиевдин соту жылдырылды


Аксы окуясында “Тайфун” операциясын жетектеген ички иштер министринин мурдагы орунбасары Калмурат Садиевдин үстүнөн сот иши 3-майда Жалалабатта болмок. Сотко жабырлануучу тарап келбегендигине байланыштуу ишти карап жаткан Бишкек аскердик гарнизондук соту жараянды белгисиз мөөнөткө жылдырды. Аксы окуясынын жабырлануучуларынын адвокаты Сартбай Жайчыбековдун “Азаттыкка” маалымдаганы боюнча бул ишке байланыштуу сотко жабырлануучу катары 2002-жылы 18-мартта милиция кызматкерлеринин аткан огунан каза тапкан Элдияр Үмөталиевдин атасы Анарбай Үмөталиев гана чакыруу кагазын алган. Калган жабырлануучуларга соттук жараяндын болору тууралуу кабар берилген эмес.
2002-жылы 17-18-мартта Аксыда бийликтин аткан огунан 6 киши каза таап, ондогон адам жаракат алган.(ZKo)

XS
SM
MD
LG