Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 09:44

14:35 Турсунбек Акун: Башмыйзам жакшыдыр –жамандыр реформа болду


“Конституциянын өзгөрүп турганы жакшы, -дейт Акыйкатчы, -өткөн жылкы Конституциялык реформада көп жетишкендиктер болду”. Анын айтуусунда партиялык тизме менен парламенттик шайлоонун кириши, бул система аркылуу парламентке аялдардын, жаштардын, улуттук азчылык өкүлдөрүнүн көп келишине жол ачылды. Турсунбек Акун “Азаттыкка” билдирген пикиринде азыркы парламенттин бир гана кемчилиги –бир партиянын үстөмдүк кылып жатканы, деп эсептейт. Кыргызстандын Башмыйзамы көбүрөөк алмашып кеткендигине кабатырлыгын билдирген Акыйкатчы мурдагы президент Аскар Акаев өз бийлигинин кызыкчылыгы үчүн Конституцияны улам өзгөртүп, өзү каалагандай тартипке салып алган, деген ойдо.
5-май күнү Кыргызстандын Конституциясынын кабыл алынганына 15 жыл болот. (ZKo)

XS
SM
MD
LG