Линктер

шейшемби, 27-июнь, 2017 Бишкек убактысы 20:12

14:55 Азыркы Башмыйзам –авторитардык өлкөнүн Конституциясы


Мындай пикирин Кыргызстан социал-демократтары партиясынын координациялык кеңешинин мүчөсү, ЖК депутаты Бакыт Бешимов “Азаттыкка” билдирди. Он беш жылдын ичинде 5-6 жолу өзгөртүүгө дуушар болгон Башмыйзамды бийлик да, оппозиция да оюнчук кылып алышты, дейт депутат. “Кыргызстанда укуктук мамлекет жок, анткени мыйзамдар иштебейт. Азыркы Конституция турмушка карама-каршы турат, ал –авторитардык өлкөнүн Башмыйзамы,” деп белгилеген Бакыт Бешимов Башмыйзам коомдогу бир топ үчүн гана эмес, жалпы эл үчүн кызмат кылууга тийиштигин бекемдеди. (ZKo)

XS
SM
MD
LG