Парламенттин басма сөз кызматы билдиргендей ГЭС курулушуна зарыл делген материалдардын 40-50 пайызы даярдалып, иш темпи кызуу жүрүп жатат. Курулуштун алдыңкыларына Жогорку Кеңештин атынан 3 миң сомдон турган акчалай сыйлыктар тапшырылды. Депутаттык топ Камбарата-2 ГЭСинин курулушунан тышкары Токтогул суу сактагычынын абалы менен да таанышып, Каракөл шаарынын тургундары менен негизги көйгөйлөр, аларды чечүүнүн жолдору тууралуу пикир алышты. (ZKo)
17:20 ЖК төрагасы баштаган парламенттик топ Камбарата-2 ГЭСинин курулушунун жүрүшү менен таанышып келди