Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 12:23

7:15 Темир Сариев: Алгачкы кабыл алынган Башмыйзам элдин ишениминдеги Конституция болчу


Бирок бир нече жолу өзгөртүүлөргө тушуккан Конституция жалаң президенттердин ыйгарым укуктарын кеңейтүү үчүн гана кызмат кылып келе жатат, дейт “Акыйкат үчүн” кыймылынын мүчөсү Темир Сариев. Ал азыркы Башмыйзам Элдин колдоосун тапкан жок, деп эсептеп, Конституциянын бүт бардык беренелери аткарылбай келе жаткандыгын белгиледи. Анын айтуусунда өлкөдө социалдык-экономикалык абал оорлоп жатышына да мына ушул Башмыйзамдын иштебегени себеп болууда.
Ал эми Кыргызстандын Акыйкатчысы Турсунбек Акун өткөн жылкы Конституциялык реформада көп жетишкендиктер болду, дейт. Анын ою боюнча партиялык тизме менен парламенттик шайлоонун жүргүзүлүшү –бул система аркылуу парламентке аялдардын, жаштардын, улуттук азчылык өкүлдөрүнүн көп келишине жол ачты. (ZKo)

XS
SM
MD
LG