Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 06:15

Кондолиза Райс: Иордандын батыш жээгиндеги жашоону жакшыртуу үчүн чечкиндүү кадамдар зарыл


АКШнын мамлекеттик катчысы Кондолиза Райс Палестинанын батыш жээгиндеги жашоону жеңилдетүү үчүн Израилден айкыныраак иш-аракеттер талап кылынаарын билдирди. Райс Палестина автономиясынын президенти Махмуд Аббас менен жолуккан соң, Иордандын батыш жээгиндеги жашоочуларына коопсуз жашоо жана экономикалык мүмкүнчүлүктөр керектигин айтты. Бирок, АКШ мамкатчысы белгилегендей, батыш жээктеги жашоонун деңгээли Махмуд Аббастын экстремизмди ооздуктоо аракетинен да көз каранды. Аймакта жүргөн Кондолиза Райс кечээ Израил жана Палестин өкүлдөрү менен бир катар жолугушууларды өткөрдү.

XS
SM
MD
LG