Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:32

7:45 Бул жумада Кыргызстандын улуттук валютасынын 15 жылдыгы белгиленет


Улуттук Банк буга байланыштуу бир катар иш-чараларды уюштурууну көздөөдө. 10-май күнү Улуттук Банк тарабынан атайын чыгарылган коллекциялык тыйындар аукциондо сатыкка коюлат. Мындан тышкары улуттук валютанын он беш жылдык өмүрүндөгү жетишкендиктери тууралуу Улуттук Банк маалымат жыйынын өткөрүүсү күтүлүүдө. Кыргызстан сомду 1993-жылы КМШ мамлекеттеринин ичинен алгачкылардан болуп жүгүртүүгө киргизген. 1997-жылы, 2002-жылдары эки жолу сомдун коргонуу белгилери күчтөндүрүлгөн. 200, 500, 1000 сомдук банкноттор жүгүртүүгө 2000-жылы киргизилген. Ага чейин жүгүртүүдө 10, 50 тыйындыктар, 1, 5, 10, 20, 50, 100 сомдук банкноттор болчу. Өткөн жылы жүгүртүүгө 10 тыйындык, 50 тыйындык, 1 сомдук жана 5 сомдук темир акчалар киргизилди. (ZKo)

XS
SM
MD
LG