Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 00:55

8:30 Жалпы республикалык тестирлөө 88 борбордо өткөрүлөт


Жалпы республикалык тестирлөөгө алдын ала катталган окуучулардын саны 33 миңге жетти. Бул тууралуу “Билимди баалоо жана окутуу усулдары” борборунун коомчулук менен байланышуу бөлүмүнүн башчысы Чынара Батракеева “Азаттык” менен болгон таңкы маектешүү учурунда билдирди. Анын айтуусунда каттоо дагы жүрүп жатат. Орто мектеп бүтүрүүчүлөрүнүн билимин текшерген тестирлөө бардык ЖОЖдордогу бюджеттик орундарга өтүүгө мүмкүнчүлүк түзөт. Алар үчүн 5 000 орун берилген. Мындан тышкары келишим менен акы төлөп окуу үчүн да ушул тестирлөөнүн жыйынтыгы менен барууга болот. Чынара Батракеева жалпы республикалык тестирлөөнүн артыкчылыгы катары –балдарды окуу жайга тапшыруу үчүн шаарларга келип убара тартпай, өзү жашаган жеринде тапшырууга болорун белгилеп кетти.
Жалпы республикалык тестирлөө Кыргызстанда быйыл акыркы жылы өз ишин аткармакчы. (ZKo)

XS
SM
MD
LG