Варшавада эркин күрөш боюнча Бээжин олимпиадасына катышуу үчүн тандоо турнири өткөрүлдү. Ага Кыргызстандын балбандары Нурлан Турарбек уулу, Баатыр Базаров, Самат Толубаев, Арсен Гитиновдор катышышты. 50 өлкөнүн 200 чамалуу балбандарынын алышында кыргызстандык төрт балбан далайларды жыгып, алардын ичинен 74 кг. салмакта күрөшкөн Арсен Гитинов финалдык беттешүүдө Түркиялык атактуу балбан Ахмед Гүлханды алып түшүп, Бээжин олимпиадасына жолдомо жеңип алды. Бул кыргызстандык спортчулардын Бээжин олимпиадасына катышуу үчүн жан үрөп жеңип алган он төртүнчү жолдомосу. (IJz)