Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 05:32

15:20 А. Абдрасулова: Кыргызстан ХИПКтин шарттарын аткарууда


Укук коргоочу буга жакында кабыл алынган “Стратегиялык объектилер тууралуу” мыйзамды мисал катары тартат. Ага ылайык, кен байлыктар, мөңгүлөр, суу ресурстары баары стратегиялык объект катарына кирип, өкмөт стратегиялык объектилерди парламент макулдугусуз эле менчиктештиргенге же карызды жабуу үчүн койгонго жол ачылды дейт укук коргоочу. Азиза Абдрасулова ошондой эле мурдагы премьер-министр Феликс Куловдун жаңыдан түзүлгөн чакан жана орто энергетиканы өнүктүрүү боюнча долбоордун дирекциясынын башчылыгына дайындалышын да ушуга байланыштырат. “Кичи ГЭСтер боюнча программа мурда эле болгон, бирок Кулов өкмөт башчы болуп турганда да бул багытта эч иш жасаган эмес, дирекциянын максаты чакан ГЭСтерди куруу эмес, электр кубатын бөлүштүрүүчү тармакты майдалап, бөлүп сатуу, Феликс Кулов премьер-министр болуп турганда ишке ашыра албаган ХИПК программасын эми жүзөгө ашырууга киришти”, деп эсептейт укук коргоочу Азиза Абдрасулова. Былтыр кыргыз өкмөтү тышкы карызды жоюуга багытталган ХИПК программасына кирүү демилгесин көтөрүп, бирок коомчулуктагы нааразылыктардан улам демилге четке кагылганы белгилүү.(SM)

XS
SM
MD
LG