Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:26

Чехия АКШнын ракетадан коргонуу системасынын жабдууларын Чыгыш Европада жайгаштыруу пландарын колдоду


Премьер-министр Мирек Топаланектин Прагада ракетадан коргонуу системасы боюнча бүгүнкү конференцияда билдиргенине караганда, бул - Орусия үчүн АКШнын Борбордук Европада милдеттемеси бар экенин каңкуулаган саясий белги.

Ал эми НАТОНун башкатчысы Яаап де Хооп Схеффер ушул эле конференцияда чыгып сүйлөп, ракетадан коргонуу системасы жамааттык аракет экенин жана андан артка кайтуу болбосун белгиледи. НАТОнун Бухарестеги саммитинен соң өтүп жаткан бул жыйынга Кошмо Штаттардан мамлекеттик катчынын орун басары Жон Руд катышууда. АКШнын Чехия менен Польшада ракетадан коргонуу системасынын жабдууларын жайгаштыруу пландарына муну өз коопсуздугу үчүн коркунуч туудурат деп эсептеген Орусия каршы чыгып келүүдө.

XS
SM
MD
LG